super.kg logo

Кыргызстандык 4 окуучу Түркияда өткөн физика олимпиадасында коло медаль утту

 
Кыргызстандын окуучулары 27-30-июнь күндөрү Стамбул шаарында өткөн "8-Балкан" физика олимпиадасында 4 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрилигинен билдиришти.
Катышуучулардын жыйынтыгы:
• Марсель Касымов - коло медаль, "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
• Нурбол Мырзабеков - коло медаль, "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
• Умар Туташбаев - коло медаль, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучусу.
Алардын машыктыруучулары Андрей Сидоренко, Тургунбек Өмүрканов.
• Истеми Тазабеков - коло медаль, "Сейтек СТЕМ" мектебинин 9-классынын окуучусу. Анын машыктыруучулары Салижан Кылычбеков, Дүйшөн Сатыбалдиев.
"Бул медалдар Кыргыз Республикасынын Балкан физика олимпиадасына катышуу тарыхындагы алгачкы сыйлыктар болду. Олимпиадага 13 өлкөдөн 51 окуучу катышып, физика боюнча татаал теориялык маселелерди чечүүдө таймашышты",- деп белгиленди маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: