super.kg logo

Энергетика министрлиги күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин билдирди

 
Өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запастары түзүлгөн. Бул тууралуу 1-июлда Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.
Өлкөгө КММ жеткирүүлөр мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу түрдө ишке ашырылып, камсыздоо процесси тынымсыз көзөмөлдө.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттойт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизүүдө.
"Ошол эле учурда өкмөт жана Энергетика министрлиги ички рынокту туруктуу күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында ыкчам чараларды көрүп келет.
Бул максатта Орусия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандагы компетенттүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул алкакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү "Жунда" мунай иштетүүчү заводуна жана "Кыргызнефтегаз" ишканасына иш сапар менен барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ал жерде өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, технологиялык процесстерди оптималдаштыруу жана ишканалардын ишин жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди",- деп жазылат маалыматта.
Министрлик ички рыноктогу баа тынымсыз көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: