super.kg logo
  Саясат  

Үч айда чет өлкөлөрдөн 386,7 миллион доллар инвестиция тартылды  

 
Январь-март айларында чет өлкөлөрдөн 386,7 миллион доллар түз инвестициялар тартылды. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлады.
Маалымдалгандай, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине (288,2 миллион доллар) салыштырмалуу 34 пайызга көп. Түз инвестициянын эң көп бөлүгү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип, 93,6 миллион долларды түзгөн. Андан кийинки орунду кайра иштетүү өнөр жайы секторуна туура келип, болжол менен 90,1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган.
"Быйылкы жылдын I чейрегинде түз инвестициянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызы Бишкек шаарына туура келип, 115,8 миллион долларды түздү. Талас облусуна 80,3 миллион доллар инвестиция тартылып, бул жалпы көлөмдүн 20,7 пайызын түзгөн. Нарын облусуна 69,7 миллион доллар, ал эми Чүй облусуна 68,6 миллион доллар тартылган. Андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу болуп, ага тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 43,3 миллион долларды түзгөн",- деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: