super.kg logo

Президент Караколдогу ири курулуш долбоорлорунун жүрүшү менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров 1-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында ишке ашырылып жаткан бир катар курулуш долбоорлорун көрүп чыкты.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына алгач А. С.Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкцияланып жатканын маалымдады. Жалпы аянты 7,5 гектар болгон сейил бакта амфитеатр, заманбап аттракциондор, фонтандар, балдар жана спорт аянтчалары курулуп, аймак толугу менен көрктөндүрүлгөн.

Ошондой эле президентке Каракол шаарындагы башка ири долбоорлор – шаардык тарых музейин капиталдык оңдоо, эл аралык талаптарга жооп берген көп функционалдуу спорт комплексинин, Т. Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернаты үчүн кошумча окуу корпусунун жана жаңы Конгресс-холлдун курулушу тааныштырылды.

Долбоор боюнча Конгресс-холлдун аянты 14,8 миң чарчы метрден ашып, анда 800 орундуу театр залы, эл аралык форумдар менен конференцияларды өткөрүүчү борбор жана маданий-ишкердик багыттагы жайлар жайгашат.

Таанышуунун соңунда президент Садыр Жапаров Караколдун инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, заманбап коомдук мейкиндиктерди жана социалдык-маданий объектилерди түзүү шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: