Көчөт көтөрүп алып... Эко-активист Караколдон Бишкекке жөө 9 күндө келди
Кечээ, 1-июлда эко-активист Андрей Панаев Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан Бишкекке чейинки жөө жүрүш экологиялык акциясын аяктады. Бишкек шаарынын мэриясы аны калаа башчысы Айбек Жунушалиев кабыл алганын билдирди.
Активист 9 күндүн ичинде 388 чакырым жолду жөө басып өттү. Ал сапар бою өзү менен бирге карагайдын көчөтүн ала келген. Көчөт экологиялык таза транспорт менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун аймагына отургузулуп, QR-коду бар тактача орнотулду. Активист медициналык кароодон өткөрүлгөн.
Айта кетсек, Андрей Панаев Татарстандын Казань шаарында туулган. Анын айтымында, ар кайсы өлкөлөргө саякаттап жүрүп, өз жашоосун Кыргызстан менен байланыштырууну чечкен. Бул жерден ал өмүрлүк жарын таап, үй-бүлө курган жана учурда Каракол шаарында жашайт.
Эко-активист Караколдон Бишкекке жөө 9 күндө келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















