Министр Кулубаев Түркиянын ТИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жолугушту.Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланды.
Тараптар жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштарга даярдык көрүү маселелерин, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын өз ара сапарларын уюштурууну, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйынын өткөрүүнү талкуулашты.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын утурлай тараптар эки өлкөнүн кезектешкен Маданият күндөрүн, илимий-практикалык конференцияларды, көргөзмөлөрдү жана башка гуманитардык долбоорлорду камтыган биргелешкен мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















