BAKAI Камсыздандыруу: такси жана жүргүнчүлөрдү ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандырууга 30% кешбэк
2026-жылдын 1-июлунан тартып Жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисинин (ОСГОПП) болушу Кыргызстандын бардык жүргүнчү ташуучулары үчүн милдеттүү талап болмокчу.

BAKAI Камсыздандыруу BAKAI мобилдик банкынан бир жылдык ОСГОПП полисин сатып алууда 30% кешбэк кайтаруу акциясын ишке киргизет. Акция 2026-жылдын 18-июнунан 1-сентябрга чейин аракетте болот жана ташуучуларга мыйзам талаптарын аткаруу менен бирге, төлөгөн каражатынын бир бөлүгүн кайра эсепке кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мисалы:
Бир жылдык полистин баасы 410 сом (шаар ичиндеги жеңил такси үчүн) 30% кешбэк – 123 сом дароо эсебиңизге кайтарылат.
ОСГОПП деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
ОСГОПП – бул ташуучунун күнөөсү менен болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жүргүнчүлөр жаракат алган же каза болгон учурда аларды коргоону камсыз кылган милдеттүү камсыздандыруу полиси.
Мыйзамдарга ылайык, ОСГОПП төмөнкү жүргүнчү ташуучулардын бардыгы үчүн милдеттүү:
- таксилер жана таксопарктар
- кичи автобустар жана маршруттук таксилер
- автобус жүргүнчү ташуучулары
- шаар аралык жана эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган компаниялар
ОСГОПП эмнелерди камтыйт?
Полис ташуу учурунда жүргүнчүлөргө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн карайт:
- жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян
- жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө келтирилген чыгым
- ташуучунун каржылык жоопкерчилиги
ОСГОПП таризделбесе эмне болот?
2026-жылдын 1-июлунан тартып полистин жоктугу төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн:
- лицензия алуудан же аны узартуудан баш тартылуусуна;
айып пулдарга; - ташуу ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдүн киргизилишине;
- толук каржылык жоопкерчиликти ташуучу өзүнө алуусуна.
ОСГОПП полисин кантип онлайн тариздөөгө болот?
Полисти BAKAI мобилдик банкында бир нече мүнөттүн ичинде онлайн тариздөөгө болот.
«Сервистер → Камсыздандыруу → Жүргүнчүлөр» бөлүмүнө өтүңүз. Полисти тез, ыңгайлуу жана кеңсеге барбастан алыңыз.
BAKAI Камсыздандыруу акциясы
BAKAI мобилдик банкында бир жылдык ОСГОПП полисин сатып алган кардар эсепке реалдуу акча түрүндө 30% кешбэк алат.
Акциянын мөөнөтү: 2026-жылдын 18-июнунан 1-сентябрына чейин.
BAKAI Камсыздандыруу ташуучуларга жаңы талаптарга жеңил, тез жана пайдалуу түрдө даярданууга жардам берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















