Садыр Жапаров “Ала-Тоо Резорттогу” асма жолдорду техникалык ишке киргизди (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди.
Ал жерде мамлекет башчысы эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, бүгүнкү күндө узундугу 1727 метр болгон В-1 жана узундугу 2296 метр болгон В-2 асма жолдордун курулушу аяктады. Жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзгөн ар кандай деңгээлдеги лыжа трассаларын куруу пландалууда.
Анда коргоочу торлор, инженердик коргонуу, навигация жана суу агызуу системалары орнотулууда. Ошону менен катар суу менен камсыздоо объектилери курулуп жатат. Мындан тышкары ири жол куруу иштери жүрүп жатат.
Алсак, Каракол – Жыргалаң багытындагы 65 чакырымдык автожол салынууда, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна (14,5 чакырымына) асфальт төшөлүүдө жана узундугу 8,5 чакырым болгон альтернативдүү жол курулууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө президент ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилүүсү мерчемделген дагы төрт асма жолдун токтотмо станцияларынын пайдубалына мезгил кутусун салды.
Курорттун биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган. Бул убакытка чейин алгачкы лыжа трассалары, алты асма жол, административдик имараттар, ижарага берүү пункттары жана унаа токтотуучу инфраструктура пайдаланууга берилет.
Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















