АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү качан жандана турганы айтылды
Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы 18-июлда башталат. Бул тууралуу "Al Hadath" телеканалы өздүк булактарына таянып билдирди.
"АКШ менен Ирандын ортосундагы кезектеги сүйлөшүүлөр 18-июлда болот", - деген ишенимдүү булак телеканалга.
Башка жагдайлар азырынча айтыла элек.
Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.
24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.
Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу жаралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















