super.kg logo

Дары-дармектердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө сунушталууда

 

Жүгүртүүдөгү дары-дармектерди көзөмөлдөө үчүн бирдиктүү систем киргизүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.

Документте дары-дармектерди милдеттүү санариптик маркалоону жана байкоо жүргүзүү системин киргизүүнү карайт. Дары каражаттарынын кыймылына байкоо жүргүзүү улуттук маалыматтык систем аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле маанилүү дарылардын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарынын бааларын мамлекеттин көзөмөлгө алуусу каралган.

Дары-дармектерди санариптик маркалоодон өткөрүлбөгөн жана жүгүртүүгө чыгарылган учурда жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул салынат. Дары каражаттарын улуттук маалыматтык системге киргизбеген жеке жактар 7500 сом, ал эми юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.

"Акыркы жылдары өлкөдө дары каражаттарынын рыногунда контрафакттык, сапатсыз жана катталбаган дары каражаттарынын жүгүртүлүшү, алардын кыймылына толук көзөмөлдүн жоктугу, ошондой эле жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын бааларынын негизсиз өсүшү калктын сапаттуу жана жеткиликтүү дары каражаттары менен камсыз болушуна терс таасирин тийгизүүдө", - деп айтылат мыйзам долбооорунун негиздеме-маалымкатында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: