Марлен Маматалиев Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты
3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация Ирандын борбору Тегеран шаарында өткөн Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Расмий маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын азем өтүүчү жайда Иран парламентинин вице-спикери тосуп алган. Белгиленген протоколдун негизинде Марлен Маматалиев борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим кылды.
Андан соң төрага Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана Жогорку лидердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту.
Иш-чаранын соңунда Марлен Маматалиев кыргыз элинин жана Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















