Ошто курулуш компаниянын иши убактылуу токтотулду
Ош шаарында курулуш мыйзамдарын бузганы үчүн 23 блоктон турган 5 кабаттуу турак жай комплекстин иши убактылуу токтотулду.Объектте курулуш-монтаждоо иштери техникалык ченем жана коопсуздук талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Тагыраагы, курулуш аянтында коргоочу тосмолор орнотулган эмес, ошондой эле жумушчулар атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган эмес.
Мындан улам “Буссоль” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, тийиштүү мыйзамга ылайык 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин объекттеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















