super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэри шаардагы курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан социалдык объекттерди, жолдорду жана көрктөндүрүү иштерин текшерди.

Мэрия билдиргендей, мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды. Эки кабаттуу имарат 250 балага ылайыкташып, өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн курулууда. Шаар башчысы тогуз кабаттуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушун көрүп, жолдорду кеңейтүүгө тоскоол болгон объекттерди демонтаждоо маселесин кароону тапшырганы маалымдалды.

Мындан тышкары, Жал-29 кичи районундагы спорттук комплекстин курулушу, Миңжылкиев көчөсүнүн реконструкциясы жана Көлмө конушундагы футбол аянтчасынын жаңылануусу текшерилди.

Жунушалиев тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга иштерди сапаттуу аткарууну, курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү жана объекттерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: