Пакистан президентинин жубайы Беназир Бхутто Кыргызстанга алгачкы жолу Акаевдин тушунда келген
Пакистанстандын президенти Асиф Али Зардари алгачкы жолу Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Жогорку даражалуу конокту президент Садыр Жапаров Ысык-Көл эл аралык аэропортунан тосуп алып, андан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Бул кызматташтык Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы алгачкы кызматташтык эмес. Буга чейин 1995-жылы июль айында Асиф Али Зардаринин жубайы, ошол убакта өкмөт башчы болуп турган маркум Шахид Мохтарма Беназир Бхутто өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаевдин чакыруусу менен келген.


Ал Кыргызстанга келген алгачкы пакистандык өкмөт башчы болуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы баскычка чыгарган. Беназир Бхутто өлкөдөгү сапарынын жүрүшүндө "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине арналган расмий иш-чараларга катышкан. Анда ал эпосту кылымдар бою сактап келген манасчы жана акындардын эстеликтеринин ачылышына күбө болгон.
Кош бойлуу болгондугуна карабастан Сулайман-Тоого чыгып зыярат кылган
Беназир Бхутто Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө Ош шаарына да барып, Сулайман-Тоодогу Бабурдун үйүнө зыярат кылган. Анын бул сапары расмий программага кирген эмес. Бирок президент Аскар Акаев ага Кыргызстандын түштүгүндөгү тарыхый жайларды көрсөтүүнү сунуштаган.


Ошентип Беназир Бхутто кош бойлуу болгонуна карабастан узун тепкичтер менен Сулайман-Тоого чыккан. Андан соң Бабурдун үйүндө дуба кылган. Ошол жердеги кароолчу аксакал Динмухаммадга акча берип, ага бир кой союп, этин муктаж адамдарга таратып берүүсүн суранган.

Беназир Бхутто Кыргызстанга келген алгачкы пакистандык өкмөт башчы катары гана эмес, кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана ыйык жайларына терең урмат көрсөткөн лидер айым катары тарыхта калган.
Саясатчы айымдын өмүр баяны
Беназир Бхутто – Пакистандын гана эмес, дүйнөлүк саясаттын тарыхында өзгөчө из калтырган лидерлердин бири. Ал ислам дүйнөсүндөгү демократиялык жол менен шайланган алгачкы аял өкмөт башчы болуп саналат.
Ал 1953-жылы 21-июнда Пакистандын Карачи шаарында төрөлгөн. Ал өлкөнүн белгилүү мамлекеттик ишмери, мурдагы өкмөт башчы Зульфикар Али Бхуттонун кызы болгон. Атасынын таасири менен саясатка кызыгып өскөн Беназир жаш кезинен эле билимге өзгөчө көңүл бурган. Ал АКШдагы Гарвард университетинде, кийин Улуу Британиядагы Оксфорд университетинде билим алып, саясат, философия жана экономика багыттарын өздөштүргөн.
1977-жылы Пакистанда аскердик төңкөрүш болуп, бийликти генерал Зия-уль-Хак басып алган. Беназирдин атасы бийликтен четтетилип, кийин өлүм жазасына тартылган. Бул окуя Беназирдин жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн. Буга чейин ал дипломат болууну кыялданса, атасынын өлүмүнөн кийин анын ишин улантып, өлкөнүн өкмөт башчысы болууну максат кылган.
Ушул максатынын артында 1988-жылы 35 жаштагы Беназир Бхутто Пакистандын премьер-министри болуп ант берип, ислам өлкөсүн башкарган алгачкы аял лидер катары тарыхка кирген. Ал өкмөттү жетектеп турган мезгилде аялдардын укугун кеңейтүүгө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар реформаларды жүргүзгөн.
Беназир Асиф Али Зардариге турмушка чыгып, эки кыз жана бир уулдуу болгон. Премьер-министр болуп турган учурда экинчи баласына кош бойлуу болгон. Буга байланыштуу анын саясий атаандаштары энелик милдети өкмөттү башкарууга тоскоол болот деп сындашкан. Бирок Беназир кесарево жолу менен төрөгөндөн кийин бир күн өтпөй эле кызматтык ишине кайтып келип, коомчулукту таң калтырган.
1999-жылы Беназир үй-бүлөсү менен Пакистандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал Дубайда жана Лондондо жашап, дүйнөнүн ар кайсы университеттеринде лекция окуп, ошол эле учурда өзү жетектеген Пакистан элдик партиясын аралыктан жетектеген.
Көп жылдык сүргүндөн кийин 2007-жылы Беназир Бхутто мекенине кайтып келип, кайрадан саясатка аралашкан. Бирок ошол эле жылы ал 2 жолу террордук чабуулга кабылган. Биринчи кол салуудан аман калганы менен, 27-декабрда Равалпинди шаарындагы шайлоо алдындагы митингден кийин жасалган экинчи чабуул анын өмүрүн алып кеткен. 54 жаштагы саясатчы ооруканада көз жумган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















