Айтканын эске салып... Илим Карыпбеков шайлоо боюнча Садыр Жапаровго кайрылды
Блогер Илим Карыпбеков өлкө башчы Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоонун алдында айтканын эске салып, ачыкталып жаткан жаңы жагдайларга көңүл бурууга чакырды.
"Бул шайлоо өзгөчө таза өтөт" деп айттыңыз эле. Урматтуу президент, мен дагы сиздин айткандарыңызга ынанып, анан шайлоого катышкам. Мына, эми жакында гана Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева берген маегинде так мен катышкан шайлоо округунда болгон мыйзам бузууларды ачыктады",- деди ал.
Анын видео кайрылуусунда Сурабалдиеванын шайлоо бүткөндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чакыртып, ага президент менен кеңешкенин жана кылмыш ишин козгоорун айткан видеосу кошулган. Ташиев эл өкүлүн шайлоодо добуш сатып алууга айыптаган. Сурабалдиева УКМКнын мурунку башчысын жакын адамдарын өткөрүү үчүн акча берүүгө айыптаган.
Карыпбеков президенттин аты аталгандан кийин ал сөз териштирилүүгө тийиш экенин жана Камчыбек Ташиевдин тарапташтарына акча бергени боюнча тактоо иштери жүрүшү керектигин айтты.
Илим Карыпбеков шайлоо боюнча Садыр Жапаровго кайрылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















