Бийликтин убадасы аткарылган эмеспи? Шайлоо бүтүп, Ташиев кызматтан алынгандан кийин дооматтар айтылууда
Былтыр 30-ноябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өткөн. Бийлик шайлоо таза өткөнүн жар салганы менен жарышта бут тосуулар болгону тууралуу кептер айтылууда. Мындай сөздөр февраль айында Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан кийин айтыла баштады.
Парламенттик шайлоого катышкан Илим Карыпбеков өлкө башчы Садыр Жапаровдун шайлоонун алдында айтканын эске салып, ачыкталып жаткан жаңы жагдайларга көңүл бурууга чакырды.
Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин атын жамынып эл өкүлүн коркутканы жана өз тарапташтарына акча бергени тууралуу айтылган сөздөр териштирилүүгө тийиш экенин айтты.
"Бул шайлоо өзгөчө таза өтөт" деп айттыңыз эле. Урматтуу президент, мен дагы сиздин айткандарыңызга ынанып, анан шайлоого катышкам. Мына, эми жакында гана Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева берген маегинде так мен катышкан шайлоо округунда болгон мыйзам бузууларды ачыктады",- деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 24-июнда берген маалымат жыйынында шайлоо учурунда алдын-ала тизме түзүлгөнүн айткан. Ал мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун өзүнө жакын саясатчылардын тизмесин түзүп, алардын мандат алышына жардам берген деп айыптаган.
"Элдин колдоосу менен араң өттүм. Мен тизмеде такыр жок элем",- деген спикер.
Бирок анын айткандарын Нурланбек Тургунбек уулу четке кагып, "жомок" деп атаган.
Февралдын аягында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Осмон Турдумамбетов соңку парламенттик шайлоодо УКМК кызматкерлеринин кысымы менен шайлоодон баш тартканын билдирген.
Бийлик шайлоонун алдында чоң убада берген. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бийлик тарабынан шайлоодогу ар кандай көз боёмочулуктарга жол берилбестигин белгилеп, таза шайлоо өткөрүү элден гана көз каранды экенин айтса, УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоодо азыркы бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталабастыгын билдирген. Ошондой эле атайын кызматтын башчысы шайлоого аттангандарды ар кандай көз боёмочулуктардан алыс болууга чакырып, жаза катуу болорун эскерткен.
Шайлоодон кийин бийлик берилген убадалар аткарылганын жар салган. Президент бул жолу мурункулардан айырмаланып, шайлоодо коррупциялык көрүнүштөр жоюлганын билдирген. БШК төрагасы болсо, митингсиз шайлоо өлкө тарыхында биринчи жолу болгонун айтып, Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп, шайлоону жаңы систем менен ийгиликтүү өткөргөнүн билдирген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















