Жанар Акаев "Ош Тазалык" ишканасына абоненттердин санын 400 миңден ашырууну тапшырды
Бүгүн, 10-июлда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев "Ош Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновду кабыл алып, абоненттердин санын 425 миңге жеткирүүнү тапшырды.
Мэриядан билдиргендей, шаар мэри учурда расмий катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок шаарда жашаган калктын реалдуу саны кыйла көп экенин белгилеп, сентябрь айынын аягына чейин тапшырманы аткаруу керектигин белгиледи.
Көчкөнов көп кабаттуу үйлөрдө жашоочулардын саны толук көрсөтүлбөгөн учурлар кездешерин айтып, учурда абоненттик базаны тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Жыл соңуна чейин дебитордук карызды 5 миллион сомго чейин кыскартуу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















