Паспорт чыры: Абактагы активист экс-депутатка кат аркылуу жооп берди
Абактагы жарандык активист Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиевдин паспорт боюнча айтканына кат аркылуу жооп берди. Анын катын жубайы Белек Бакытбекова соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"10-апрель, 2025-жыл. Дубайдан уурдалып, дайынсыз бир жума жер төлөдө жатканымда, жакындарым кандай гана кыйын күндөрдү башынан өткөрүшкөн жок. Ошол жер төлөдө жатканымда, кийин кармалып УКМКга алынып келгенде, эртең менен ойгонбой калышымды тиленген күндөр да, түндөр да башымдан өттү.
Тергөөдөгү беттешүүдө Куранга колуңду коюп: "Атам катуу ооруп жатат, балам рак оорусуна чалдыгып калды, мени артыңдан сүйрөп кетпе" деп көзүңдү жашылдантып, ыйламсырадың. "Паспорттун айынан апам дагы мени менен сүйлөшпөй калды, адвокатың коомчулукка "Жамгырчиев паспортту алган эмес" деп айтып койсунчу" деп сурандың. 2025-жылкы күздөгү шайлоого катышарыңды айттың. Эми элдин башын айландырып, калп айтып жатасың",- деп айтылат катта.
Буга чейин Жамгырчиев маектеринин биринде Куреновдун паспортун албаганын, ал калп сүйлөгөнүн айткан эле.
Эске салсак, жарандык активист БАЭден кармалып, былтыр 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакка алган.
Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол убакта АКШда экенин айткан.
2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке кагып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















