Барскоон-Бедел жолунун курулушунда 1700дөн ашык жумушчу иштеп жатат
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Барскоон-Бедел унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө жолдун негизги тилкелери жана тоннелдердеги курулуш иштери каралып, подрядчы "China Road and Bridge Corporation" компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.
Учурда узундугу 161 чакырым болгон жолдун бардык тилкелеринде иштер активдүү жүрүп жатат. Курулушка 1700дөн ашык жумушчу жана 814 атайын техника тартылган.
Долбоордун алкагында №1 жана №2 тоннелдерде казуу иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Барскоон-Бедел жолу Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган жаңы транспорттук коридор болору кошумчаланды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















