super.kg logo
  Саясат  

Айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө боюнча жарлыкка кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров "Айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду.

Документке ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин өкмөт тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу эл аралык жана мамлекеттик ички иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон учурларда же өзгөчө жагдайларда айрым аймактарда кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен дем алыш күндөрдү белгилейт.

Министрлер кабинетине аталган чечимдердин колдонулушу жайылтылуучу аймактардын жергиликтүү бийлик менен тиешелүү чечимдердин долбоорлорун макулдашуу тапшырылды.

Эмгек министрлигине 2027-жылдын 1-февралына чейин жарлыктын ишке ашыруунун алдын ала натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана ал оң бааланган учурда 2027-жылдын 1-мартка чейин тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүү милдеттендирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: