super.kg logo

Кыргызстан менен АКШ бажы тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

 

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А.Салиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, бажы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын мыйзамсыз ташылышына каршы биргелешкен программаларды кайра жандандыруу, радиациялык көзөмөлдү жаңылоо, адистерди окутуу жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери каралды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен АКШнын Бажы жана чек ара кызматынын ортосунда түз байланыштарды түзүү, маалымат алмашууну күчөтүү, трансулуттук кылмыштуулукка жана аткезчиликке каршы күрөштү координациялоо боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары тобокелдиктерди башкаруу системаларын өнүктүрүү, маалыматтарды талдоонун жаңы технологияларын колдонуу, эл аралык жүк ташуулардын коопсуздугун камсыздоо жана кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун алкагында АКШнын элчисине Мамлекеттик бажы кызматынын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери жана Кырдаалдык борбордун иши тааныштырылды.

Жыйынтыгында тараптар бажы тармагындагы практикалык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө, мыйзамдуу эл аралык сооданы колдоого жана эл аралык коопсуздукту чыңдоого кызыкдар экенин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: