Ошто таштандыдан металл иргөөчү жаңы завод курулат (видео)
Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү багытында жаңы өндүрүш ишканасы курулат. Бул боюнча бүгүн шаардык мэрия менен инвесторлордун ортосунда меморандумга кол коюлду.
Долбоордун жалпы баасы 15 миллион долларды түзөт. Анын алкагында таштанды калдыктарынан баалуу металлдар иргелип алынат.
Жаңы завод азыр курулуп жаткан ишкананын жанына, дээрлик 4 гектар аянтка жайгашат. Долбоор таштандыларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганы маалыматта кошумчаланды.
Ошто таштандыдан металл иргөөчү жаңы завод курулат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















