Сууга чөккөндөрдү куткарган жарандар сыйланды
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев адам өмүрүн сактап калган жарандарга жана ӨКМ менен тыгыз кызматташкан кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Министрликтен билдиргендей, бир катар жарандар “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” жана “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалдары менен сыйланышты.
Сыйлык ээлеринин арасында 2026-жылдын июнь айында Аламүдүн районунда унаа сууга кулаганда адамдарды куткарууга жардам берген жарандар жана Балыкчы шаарында эки өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган жаран да бар.
Министр алардын эрдигин жана кайраттуулугун белгилеп, адам өмүрүн сактап калууга кошкон салымын жогору баалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















