super.kg logo
  Саясат  

Нурбек Сыдыгалиев мурдагы кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин билдирүүлөрүнө жооп берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасап, мурдагы кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин өзүнө карата айткан дооматтарына жооп берди.

"Акыркы күндөрү мени каралоого аракеттер жүрүп жатат. Бирок чындык саясий оюндардан да, саясий интригалардан да бийик турат", - деп жазды депутат.

Ал УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен байланышы тууралуу айтылган сөздөрдү четке какты.

"Мени Ташиев менен Зулушевге жакын адам катары жамандап, эмнени айткысы (ред.: Жамгырчиев) келгенин деле түшүнгөн жокмун", - деди Сыдыгалиев.

Ошондой эле депутат Жумгал районундагы жолугушуулар жана шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу айтылган дооматтарды да төгүндөп, Кара-Кече көмүр кени боюнча айтылган сөздөргө жооп берди.

"Кара-Кече боюнча айткандары да карандай калп. Кенден бир тоголок көмүр алган эмесмин. Комиссия менен каратып, текшертип деле көрөм дегендерге да даярмын", - деп билдирди.

Буга чейин Жамгырчиев маектеринин биринде Сыдыгалиев туурасында билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: