Бишкектин мэри жетекчилерди сындаган активистке жумуш сунуштады (видео)
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен шаар тургуну ортосундагы эмоционалдуу диалог социалдык тармактарга тарады.
Экосоветтин көчмө жыйыны учурунда мэр борбор калаанын көйгөйлөрү тууралуу журналисттер жана шаар тургундары менен сүйлөшүп жаткан. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулардын бири шаар бийлигинин ишин сынга алып, көрктөндүрүү жана тазалык маселелери боюнча нааразычылыгын билдирди.
Ага жооп кылган Жунушалиев активистке шаарды көрктөндүрүү иштерине өзү жоопкерчилик алып көрүүнү сунуштап, "Тазалык" муниципалдык ишканасын жетектөө маселесин карап көрүүнү орун басарына тапшырды.
Азырынча бул сөздөр чыныгы дайындоого алып келеби же жокпу, так маалымат айтыла элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















