Кочкордо чет өлкөлүктөр гана тамактанса болот делген кафедеги окуя коомчулуктун талкуусуна түштү (видео)
Нарын облусунун Кочкор районундагы кафелердин биринде болгон окуя коомчулуктун көңүлүн бурду.
Жергиликтүү тургундардын бири кафеде болгон жагдайды видеого тартып, социалдык тармакка жарыялады. Анын айтымында, кызматкер бул тамактануучу жайда чет элдик жарандарга гана кызмат көрсөтүлөрүн билдирген.
Мындай жоопко таң калган жергиликтүү тургун видео аркылуу коомчулукка кайрылып, "Өз жеримде жакшы кафеге кирип, тамактана албай калдымбы?" деген суроосун узаткан.
Видеонун автору буга чейин чет өлкөдө жашап, мекенине келгенде мындай жагымсыз жагдайга туш болгонун айтып, өз нааразычылыгын билдирди.
Кочкордогу чет өлкөлүктөр гана тамактанган кафедеги окуя коомчулуктун талкуусуна түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















