super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Катардын учурдагы эмирине жана элине көңүл айтты

 
Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге атасы, мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы телеграммасында маркум шейх Хамаддын Катар мамлекетинин өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна жана өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулашына кошкон зор салымын белгиледи.

"Шейх Хамад өзүнүн даанышмандыгы, камкордугу жана боорукердиги менен ар дайым дүйнөгө үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Улуу даражалуу, сизге жана Катар мамлекетинин боордош элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: