Бишкекте 14 кабаттуу курулуштан өрт чыгып, иши тототулду (видео)
Бүгүн, 12-июль саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын С.Каралаев көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде өрт кырсыгы катталды.
Окуя боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.
Маалым болгондой, имараттын 12-кабатында ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда опалубка күйүп кеткен. Азыркы учурда өрт кырсыгы толугу менен өчүрүлүп, жабыркагандар катталган жок.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кыргыз Каганат” ЖЧКсына протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.
Курулуштагы өрт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















