Абитуриентке ЭКИ сөз: ЖОЖго тапшыруу этаптары, босого балл, керектүү документтер
SUPER.KG порталынын “Абитуриентке ЭКИ сөз” рубрикасынын кезектеги чыгарылышында окуу жайлардагы кабыл алуу этаптары, босого балл, керектүү документтер тууралуу сөз кылабыз.

ЖОЖдорго кабыл алуу турлары
- Биринчи тур - 13-июлдан;
- Экинчи тур - 20-июлдан;
- Үчүнчү тур - 27-июлдан;
- Төртүнчү тур - 3-августтан;
- Бешинчи тур - 10-августтан башталат.
Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.
Кабыл алуу үчүн керектүү документтер
-
Паспорт;
- Аттестат же орто кесиптик билим жөнүндө диплом;
-
ЖРТ сертификаты.
Жеңилдик берилүүчү же армияда кызмат өтөгөн жарандар үчүн кошумча документтер шилтемеде.
Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу "Абитуриент Онлайн" платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

ЖОЖдор үчүн босого бал
Быйыл көпчүлүк даярдоо багыттары боюнча негизги тесттин босого баллы 110 деп белгиленди.
- Педагогикалык багыттар – гранттык орундар үчүн 130 балл, контракттык окуу үчүн 115 балл;
- Саламаттык сактоо багыттары – гранттык орундар үчүн 120 балл, контракттык окуу үчүн 110 балл;
- Айыл чарба багыттары – 100 балл;
- Аскердик билим берүү багыттары – 90 балл.

Кесиптик окуу жайларга кабыл алуу этаптары
Орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу бүгүн, 13-июлда башталды. Биринчи тур 13-июлдан 19-июлга чейин өтөт.
- II тур - 20-июлдан;
- III тур - 27-июлдан;
- IV тур - 3-августтан;
- V тур - 10-августта башталат.
- Педагогикалык адистиктер – гранттык орундар үчүн 95 балл, контракттык окуу үчүн 90 балл;
- Саламаттык сактоо тармагындагы адистиктер – гранттык орундар үчүн 95 балл, контракттык окуу үчүн 90 балл;
- Айыл чарба адистиктери – 80 балл.
-
Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ЖРТ сертификаты (11-класстар үчүн);
- Аттестат же күбөлүк.

I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар (медициналык жана фармацевтикалык багыттардан тышкары) үчүн өзүнчө босого балл белгиленген. Ал колледждерге тапшырууда 70 баллды түзөт.
Агартуу министрлиги билдиргендей, 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталып, 14-сентябрга чейин электрондук платформа аркылуу жүргүзүлөт.
Кабыл алуу шарттары, кесиптердин тизмеси, бюджеттик орундар жана лицейлер тууралуу маалыматты атайын электрондук платформадан, ошондой эле кесиптик лицейлерден жана Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот.

Колл-борбор иштеп жатат
Учурда абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу боюнча бирдиктүү чалуу борбору иштеп жатат. 110 кыска номери аркылуу ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларына тапшырууга байланышкан бардык маселелер боюнча акысыз консультация алууга болот.
Маалымат үчүн: Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миңден ашуун, ал эми 9-классты 136 миңден ашуун окуучу аяктады. Алардын ичинен 11-класстын 4089 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5694 бүтүрүүчүсү артыкчылык тууралуу документке ээ болгон.
ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү Алтын сертификатка татыктуу болду. Ал эми ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң көп упай 239ду түздү. Аны Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова жана Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева алды.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















