Ысык-Көлдүн Кызыл-Суу айылында жаңы мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 275 орундуу Гапаров атындагы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги бүгүн, 13-июлда билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган. Ага ылайык, мектеп эки кабаттуу, анда лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Объекттин жалпы наркы 102 миллион сомду түзөт.
Мектептин жалпы аянты 1596 чарчы метрди. Учурда имараттын терезелери толугу менен орнотулуп, ички жана тышкы курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















