super.kg logo

Алгачкы жолу медколледждер мамлекеттик аккредитациялоодон өттү (тизме)

 
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө алгачкы жолу орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарына мамлекеттик аккредитациялоо жүргүздү.
Мекемеден билдиргендей, эксперттик комиссиялар окуу жайлардын мамлекеттик талаптарга жана стандарттарга шайкештигин, адистерди даярдоонун сапатын, кадрдык камсыздалышын, материалдык-техникалык базасын, окуу-усулдук камсыздоосун баалашты.
Анын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды.

6 жылдык мөөнөткө мамлекеттик аккредитациядан өткөрүлгөн окуу жайлар:

  • Талас медициналык колледжи;
  • Нарын медициналык колледжи;
  • Майлуу-Суу медициналык колледжи;
  • Кызыл-Кыя медициналык колледжи;
  • Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи;
  • Тентишев атындагы Азия медициналык университетинин медициналык колледжи;
  • Эл аралык жогорку медицина мектебинин Орто медициналык билим берүү борбору.

1 жылдык мөөнөткө мамлекеттик аккредитациядан өткөн окуу жайлар:

  • Бишкек медициналык колледжи;
  • Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун медициналык колледжи;
  • "Кыргызстан эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси;
  • Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжи;
  • Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттинин "Акушердик иш", "Фармация" билим берүү программалары;
  • Жалал-Абад медициналык колледжи;
  • Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин медициналык колледжи;
  • Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжи;
  • Ош мамлекеттик университетине караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжи;
  • Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун медициналык колледжи;
  • Ош медициналык колледжи;
  • Токмок медициналык колледжи;
  • Кара-Балта медициналык колледжи;
  • Медико-фармацевтикалык колледж;
  • "Дулдул-Тоо" Араван колледжи;
  • Ош аймактык колледжи.

Мамлекеттик аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартылган окуу жайлар:

  • №1 Медико-фармацевтикалык колледж;
  • Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжи;
  • Кочкор-Ата аймактык колледжи;
  • Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттинин "Медайымдык иш", "Дарылоо иши" билим берүү программалары;
  • "Авиценна" эл аралык медицина университетинин медициналык колледжи;
  • "Уникум" Кыргыз медициналык-социалдык колледжи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: