Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирген трансулуттук топтун иши токтотулду
УКМК Кыргызстанга уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирип, Бишкектеги ири соода жайларында сатып келген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүн токтотту.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө бажы жана салык көзөмөлүнөн жашырылып, милдеттүү төлөмдөр төлөнбөстөн жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөстөн өлкөгө киргизилген ири партиядагы уюлдук телефондор көмүскө жүгүртүүдөн алынган.
Тергөөдө мыйзамсыз алып келүү каналын уюштургандардын бири болгон чет өлкөлүк жаран Н.Б.Ж. жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Б.И.М. кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн версиясына ылайык, салык кызматкери акчалай сый акы үчүн аткезчилик жолу менен ташылган товарларды мыйзамсыз сатууга көмөк көрсөткөн.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.
УКМК мыйзамсыз жүгүртүүдөгү уюлдук байланыш каражаттары жана башка электрондук техникалар бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен катар коомдук коопсуздукка да коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















