super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар эл аралык физика олимпиадасында тарыхый рекорд жаратышты

 
Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-эл аралык физика олимпиадасында кыргызстандык окуучулары бир күмүш, үч коло медаль жана бир ардак грамотага ээ болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, Темирхан Салиев күмүш байге уткан. Ал эми Аскар Абдиев, Айтегин Эмилбеков, Ахмед Абылаевдер коло медаль тагынышкан. Нурбол Мырзабеков ардак грамота менен сыйланган.
"Темирхан Салиев эл аралык физика олимпиадасынын тарыхында Кыргызстанга күмүш медаль алып келген үчүнчү окуучу болду. Быйылкы олимпиадага чейин Кыргызстандын эсебинде 2 күмүш, 14 коло медаль жана 26 ардак грамота бар болчу. Эми өлкөнүн жалпы көрсөткүчү 3 күмүш, 17 коло медаль жана 27 ардак грамотага жетти",- деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: