Президент кызынын “Алтын балалыктагы” белек таратуусуна түшүндүрмө берди
Президент Садыр Жапаров кызы Жанайымдын “Алтын балалык” балдарды реабилитациялоо борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосу боюнча комментарий берди.
Мамлекет башчысы “Кабар” агенттигине берген маегинде бул аракет пиар же балдарын саясатка аралаштыруу эмес экенин айтты. Анын айтымында, ал балдарын жана жакындарын саясатка, мамлекеттик иштерге аралаштырбайт.
Жапаров “Алтын балалык” борбору анын тапшырмасы менен курулуп бүткөнүн белгилеп, анда өлкөнүн бардык аймактарынан, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары эс аларын билдирди.
Президенттин айтымында, жыл сайын борбордо балдарга белектер тапшырылып келет. Бул жолу иш-чарага өзү жана жубайы Айгүл Жапарова бара албай калгандыктан, кызы Жанайым белектерди таратып койгон.
“Жанайым балдар үчүн даярдалган шорта, футболкаларды таратып, эле кетип калган. Ал жерде жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты атайын чыгарган эмеспиз”, — деди Садыр Жапаров.
Ал видеону борборго келгендердин бири тартып, социалдык тармакка жарыялаганын кошумчалады. Президент мындай учурду саясатташтыруунун кажети жок экенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















