super.kg logo

Бишкек мэри автобус катышкан жол кырсыгы боюнча жыйын өткөрдү

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автобустун катышуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Ага мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Айта кетсек, кечээ, 13-июлда №34 каттамды тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн баланы сүзүп кеткен. Өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон.
"Айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы аныкталган. Бирок 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары, сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес",- деп билдирди мэриядан.
Жунушалиев жооптуу кызмат адамдарынын ишин кескин сынга алып, каттамга чыгар алдында медициналык жана техникалык кароодон өткөрүү менен катар айдоочулардын күбөлүктөрүнүн жарактуулугун да үзгүлтүксүз текшерүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйында үч күндүн ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды. Анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: