Жайдын ширелүү дарбызын кантип тандоо керек?
Айыл чарба министрлиги дарбыз сатып алууда эмнелерге көңүл бурулушу керектигин тизмектеди.
Министрлик дарбыздын сырты сары, крем түстө болсо, анда жакшы бышканын белгилейт. Ак же өтө ачык болсо, эрте үзүлгөн. Эгер кабыгында кара-жашыл жана ачык сызыктар айкын контраст болсо, анда дарбыз жетилген. Өтө бүдөмүк сызыктар даамы начар болушу мүмкүндүгүн билдирет. Майда күрөң сызыктар (тор сыяктуу) кант топтолгонун айгинелейт.
Сунушта дарбызды чертип көрүү да айтылат. Бош угулган үн бышканын, кыска чыккан үн жетиле электигин билдирет. Салмагына да караса болот. Мисалы, өз өлчөмүнө салыштырмалуу оор болгон дарбыз ширелүү болот. Жеңил болсо, суу аз, даамы начар. Министрлик айтылган белгилер 100 пайыз дал келбестигин, бирок 3-4 белги дал келсе, анда ойлонууга негиз бар экенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















