Баткенде чек арачылардын чыры боюнча аскер кызматкерине кылмыш иши козголду
Лейлек районундагы чек арачылардын чыры боюнча аскер кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалым болгондой, “Үч-Котон” жергилигинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жаткан сержант С.у.Э. менен ефрейтор С.Т.нын ортосунда жаңжал чыккан. Натыйжада С.Т.нын жаагынын сол тарабы сынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда сержант убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда. Мындан тышкары, чек арага тосмолорду орнотуу боюнча мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы менен өзүнчө кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















