super.kg logo

ЖРТ сертификаттарындагы ката: Абитуриенттер эмне кылышы керек?

 

Бүгүн, 14-июлда социалдык тармактарда ЖРТ сертификаттарында ката кетип, айрым документтерде 2026-жылдын ордуна 2025-жыл көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Абитуриенттердин айтымында, айрым жогорку окуу жайлар мындай сертификаттарды кабыл албай жатышат.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева сертификаттарда техникалык ката кеткенин тастыктады. Бирок анын айтымында, бул бардык сертификаттарга тиешелүү эмес.

"Сертификаттын негизги бөлүгүндө 2026-жыл туура көрсөтүлгөн. Ал эми айрым документтердин башка бөлүгүндө 2025-жыл калып кеткен",- деди ал.

Батракеева бул ката абитуриенттердин алган упайларына да, ЖОЖдорго тапшыруу жараянына да таасир этпей турганын белгиледи. Анын айтымында, жыйынтыктар бирдиктүү электрондук базага киргизилгендиктен, университеттер аларды онлайн режиминде текшере алышат.

Туура жылы көрсөтүлгөн жаңы сертификатты алууну каалаган абитуриенттер аны Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунан алмаштыра алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: