super.kg logo
  Саясат  

Депутат Болот Ибрагимов Бишкекте өткөн форумга катышты 

 
Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Шанхай Кызматташтык уюмунун негизделгендигинин 25 жылдыгына карата уюштурулган «ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизациялар диалогу – 2026» аталышындагы форумга катышты.
Улуттук тарых музейинде өткөрүлгөн иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ШКУга мүчө мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуу маалында ШКУ алкагында маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, цивилизациялар аралык өз ара байланышты өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, жаштар ортосундагы алаканы чыңдоо, билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу сөз болду.
Ошондой эле тараптар санариптик доордо маданий баалуулуктарды илгерилетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: