Илим Карыпбеков жарандык активистти чагымчылдыкка айыптады
Блогер Илим Карыпбеков соцтармактагы баракчасында билдирүү жасап, жарандык активист Самат Кушбекти чагымчылдыкка айыптады.
Буга Кушбектин Кытай мамлекетинин аймагынын теңи кыргыздардын жери болгон деген билдирүүсү себеп болгон.
"Элестеткиле, эртең эле бир өзбек, казак же тажик "Кыргызстандын жарымы биздики" деп чыксачы? Жиниң келет да. Дал ушундай адамдар согушка алып барышат",- деп жазат Карыпбеков.
Ал ошондой эле Кушбекти өз кызыкчылыгын көздөп, Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк F1H2O кайыктар жарышына каршы чыгып жатат деген пикирин айтты. Карыпбековдун айтымында, ал Францияда калуу же башка өлкөдөн башпаанек алууну көздөйт.
Айта кетсек, Самат Кушбек Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O кайыктар жарышына каршы чыгып келет. Ал аталган жарыш көлдүн экологиясына зыян алып келерин айтууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















