super.kg logo

Ошто коомдук транспорттун 15 каттамын өзгөртүү маселеси каралды

 

Ош шаарында коомдук транспорт каттамдарын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, 5 автобустук жана 10 кичи автобустук маршруттун кыймыл чиймелери талкууланды.

Мэриянын маалыматына ылайык, каттамдарды кайра карап чыгуу шаар тургундарынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, жол жүрүү убактысын кыскартуу жана коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле кийинки жыйында дагы 10 кичи автобустук каттамдын кыймыл чиймеси каралып, аларды шаардагы жаңы инфраструктуралык өзгөрүүлөргө жана жүргүнчүлөрдүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу маселеси талкууланат.

Комиссия этап-этабы менен ишин улантып, Ош шаарында коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспорт системасын түзүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: