super.kg logo

Марлен Маматалиев Алайда таза суу долбоорун көрүп, жаңы стоматологиялык кабинетти ачты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 14-июлда Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барып, Гежиге айылында курулуп жаткан таза суу түтүктөрүнүн долбоору менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрага таза суу калктын жашоо сапатын жакшыртууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Иш сапарынын алкагында ал Кичи-Каракол айылындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караштуу заманбап жабдуулар менен камсыздалган стоматологиялык кабинеттин ачылышына катышты.

Мындан тышкары Марлен Маматалиев Гүлчө шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, таза жана сугат суу, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика жана жол тармагындагы көйгөйлөрдү укту. Ал көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: