super.kg logo

ИИМ чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырат (видео)

 

Ички иштер министрлиги чет элдик жарандарды жашаган өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого, анын салттарына, маданиятына жана коомдук тартибине урматтоо менен мамиле кылууга чакырат.

Милиция кызматкерлери ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өлкөдө болуу эрежелери жөнүндө маалымдап, ошондой эле коомдук тартипти, миграциялык ченемдерди жана мыйзамдын башка талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертишет.

"Алдын алуу иштери чет элдик жарандардын жашаган жана иштеген жерлеринде, адамдар көп чогулган жерлерде, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш-чаралардын алкагында жүргүзүлөт. Негизги максат - укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкө аймагында чет элдик жарандардын мыйзамдуу жана жагымдуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү",- деп айтылат маалыматта.






ИИМ чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: