super.kg logo

Мэр "Олд Бишкектеги" соода түйүндөрүн жабууну тапшырды

 

Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

Архитектура агенттигинин маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган. Бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.

"Баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. Өз убагында муниципалитет шаардык инфраструктураны модернизациялоо жана жаңылоо шарты менен бул долбоордун ишке ашырылышын колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарууда",- деп белгиледи мэр.

Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2026-жылдын 1-июлунда ижарачыларга эки жумалык мөөнөттө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү талабы менен 122ге жакын билдирүү берилген.



"Борбор калаанын башчысы соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн ишмердүүлүгү токтотулушу керек",- деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, тиешелүү кызматтарга ижарачылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, соода комплексинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун инвесторлоруна кайрылуу зарылдыгын түшүндүрүү тапшырмасы берилди.

"Инвестор өзүнө алган бардык милдеттенмелерди толук аткарып, объектти мыйзамда белгиленген тартипте расмий пайдаланууга бергенден кийин гана соода комплексинин иши кайра жандандырылышы мүмкүн",- деди мэр.

Белгилей кетсек, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: