Кыргыз-Япония билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Япониянын өлкөдөгү элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.Анда тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-япон кызматташтыгынын келечегин, Япониянын алдыңкы билим берүү уюмдары жана компаниялары менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Министр өлкөдөгү Япониянын алдыңкы тажрыйбасын, айрыкча балдарды тарбиялоо, алардын өз алдынчалуулугун өнүктүрүү жана эрте жаштан баштап негизги көндүмдөрдү калыптандыруу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдар экенин белгиледи.
“Билим берүү тармагындагы кызматташтык эки өлкө үчүн чоң мааниге ээ. Биз Япониянын расмий органдары менен өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоого, анын ичинде эки өлкөнүн агартуу министрликтеринин ортосунда расмий өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө даярбыз”,- деди министр.
Хирано Рюити билим берүү тармагындагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















