Ташкенттен Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

"Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясы "Malva Tour" туроператору менен биргеликте Ташкент – Тамчы багыты боюнча жаңы сезондук түз аба каттамын ишке киргизди.
Компаниянын маалыматына ылайык, алгачкы каттам бүгүн, 15-июлда аткарылды. Мындан ары каттамдар жайкы сезондо жумасына бир жолу – ар шаршемби күнү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Жаңы авиакаттамдын ачылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик байланышты чыңдоого, эки өлкөнүн жарандары үчүн жол жүрүүнү жеңилдетүүгө жана Ысык-Көлгө келген туристтердин санын көбөйтүүгө багытталган.
Түз каттамдын узактыгы болгону 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Ошондой эле "Malva Tour" туроператору жүргүнчүлөргө Ысык-Көлдө эс алуу үчүн мейманкана, трансфер жана экскурсияларды камтыган атайын турпакеттерди сунуштайт.
"Асман Эйрлайнс" эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүнү улантып жатканын белгилеп, мындай каттамдар өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк туристтерди көбүрөөк тартууга өбөлгө болорун билдирди.
Ташкент – Тамчы багыты боюнча авиабилеттерди "Malva Tour" туроператору аркылуу сатып алууга болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















