super.kg logo

Өлкөдө 2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагыч курулат

 

Бүгүн, 15-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында "Кыргызсуу долбоору" мамлекеттик мекемеси ишке ашырып жаткан долбоорлордун жүрүшү талкууланды.

Маалыматка ылайык, 2030-жылга чейин өлкөдө 106 жаңы суу сактагыч курулуп, суу чарба инфраструктурасы жаңыланат. Бул долбоорлор фермерлерди үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Ошондой эле суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн 70 пайызга чейин жогорулатууга, аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрү белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: