Бишкек–Ош унаа жолунда мыйзамсыз жол боюндагы соодага каршы рейддер өтүүдө
Бишкек–Ош унаа жолунда жол жээгинде мыйзамсыз соода жүргүзүүгө жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, иш-чаралардын негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана унаа жолунун коргоо тилкесинде соода жүргүзүүгө бөгөт коюу. Мындай мыйзамсыз соода сатуучулардын да, жол кыймылынын башка катышуучуларынын да өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам талаптарын эскертип, трассанын боюнда соода кылбоого чакырууда.
Белгиленген эрежелерди бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. Мындай рейддер өлкөнүн автожолдорунда коопсуздукту жогорулатуу максатында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















