Бишкек Кытайдын Чанша шаары менен кызматташат
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Кытайдын Чанша шаарынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер боюнча канцеляриясынын директорунун орун басары Дуань Хайбо жетектеген Чанша шаарынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.Иманалиев анда борбор эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Чанша шаарынын өкүлдөрү Бишкекте болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө жогору баа берип, шаардык инфраструктуранын өнүгүп жатканын белгилешти. Ошондой эле алар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууда шаардык чарбаны өнүктүрүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тараптар муниципалдык башкарууну санариптештирүү, "акылдуу шаар" технологияларын киргизүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Тараптар аталган багыттар боюнча алдыңкы тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















