super.kg logo
  Саясат  

Инвесторго 50 жылга... Кыргызстанда мамлекеттик жерлерди берүү жол-жобосу жаңыланышы мүмкүн

 

Министрлер кабинети мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартибин өркүндөтүүгө багытталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Долбоорго ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын аймагындагы мамлекеттик менчиктеги жер участокторун берүү укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына да берилет. Мындай өзгөртүү жер маселелерин жергиликтүү деңгээлде ыкчам кароого мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленет.

Мындан тышкары, жер участогун убактылуу ижарага пайдалануу укугун күрөөгө коюуга уруксат берүү сунушталууда. Бирок мындай учурда тиешелүү мамлекеттик органдын же мамлекеттик жер пайдалануучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат. Ошондой эле токтом долбоорунда президенттин чечимдеринин негизинде ишке ашырылуучу улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун аукцион өткөрбөстөн 50 жылга пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ал үчүн акы алынат.

"Сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик менчиктеги жерлерди башкарууну натыйжалуу уюштурууга, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана өлкөгө инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган",- деп белгиленди документте.

Ага улай документте жер маселелерин караган комиссиялардын курамын жаңылоо, алардын иш тартибин тактоо жана мыйзамдагы айрым терминдерди жаңы башкаруу системине ылайык келтирүү сунуштары да камтылган.

Белгилей кетсек, учурда документ коомдук талкууга коюлган. Ага сунуштардын негизинде өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: